Музыка коюуТыным
scripichnyi_kliuch
logo
globus
Музыка коюуТыным
Кыргызча
languages
  • arrow
    arrow

    Табышмактуу музыкадай жаңырган, абасы балдан да таттуу, кооз өлкөдө Сыйкырдуу-Көл бар.

    Ошол Сыйкырдуу-Көлдүн көгүлтүр, күзгүдөй тунук бетинде күн сайын ичке жана күчтүү кереметтүү лотостор ачылышып, бири-бири менен жана Аалам менен саламдашып турушчу.

    Гүлдөрдүн ар бири кайталангыс жана өзгөчө кооз эле. Ал лотостор ак, кызгылт, ачык кызыл, сары, жадакалса көгүш түстө да болушкан. Сыйкырдуу-Көл алардын кооздугун жан-дили менен суу бетинде чагылдырып турчу.

    Бир жолу Көлдө укмуштуудай окуя болду… 

  • arrow
    arrow

    Кардай аппак, супсулуу Чоң Лотос гүлдүн ортосундагы бышып жетилген кичинекейлерди чакырып, минтип айтты:

    “Менин кымбаттуу балдарым! Мына убакыт өтүп, силер да бой жеттиңер. Алыс жолго аттанаар убактыңар келди. Силерди татаал жана кооптуу саякат күтүп турат, аягында ар бириң биздин Дүйнөнүн жашоочуларындай татынакай, сүйкүмдүү болуп кайтасыңар. Бирок, баардык татаал жолду басып өтүп, үйгө кайрадан келүү ар бириңе эле буйруй бербейт.

    Баарыңар мени кунт коюп уккула. Мен айткан азыркы насааттар муундан-муунга айтылып, көп кылымдардан бери сакталып калган салт болот”.

    Лотостун уруктары Чоң Лотостун сөзүн кунт коюп угуп жатышты.  

  • arrow
    arrow

    Ал андан ары кебин улантты: “Ар бириңерде Үч Баа жеткис Асыл Байлыктар жашырылганын унутпагыла! Эгерде коркунучтуу кырдаалдарга туш келсеңер, ушуну эстегиле – ар түрдүү сыноолордон жеңил өтөсүңөр.

    Байыркы сыйкырдуу китепте ушул Үч Асыл Байлык камтылган. Алар  

    zhen

    ЧЫНДЫК

    shan

    БООРУКЕРЛИК

    ren

    ЧЫДАМДУУЛУК

    Жашоодо булар жардам бербеген кырдаалдар жокко эсе. Мени кунт коюп уккула...”— Чоң Лотос акыркы насаатын: “Биздин үйүбүз болгон Сыйкырдуу-Көлдүн үстүнө ар бириңер кайтып келесиңер деген чоң ишенимдемин”, – деп шыбырап бүтүрдү. 

  • arrow
    arrow

    Кечинде кичинекей уруктар салынган кутуча сууга ийилди да, Сыйкырдуу-Көлдүн бетине баары себиле баштады. Арасынан бир кичинекейи гана башкаларга караганда шашылып жатты. Ал дайыма эле таң калуу менен: “Эмне үчүн Чоң Лотос жол өтө түйшүктүү болот деди? — cуу таптаза жана тунук, жадакалса Күн да жаркырап тийип турат!” — деп ойлоно берди. Кичинекей Урук өтө жаш, тажрыйбасыз болгондуктан, өйдө көтөрүлгөнгө караганда, ылдый түшкөн бир кыйла жеңил болоорун билбейт болчу.

    Жалгыз Урук суунун тереңине агып кирген сайын, караңгылыкка кирип баратты, бара-бара ылайланган кир сууга жеткенде “Ой-ой, бул жерде эч нерсе көрүнбөй жатат!” — деп кыйкыра баштады. Бирок ал кир суунун түбүнө жеткенге чейин уламдан-улам чөгүп кете берди.  
    Жалгыз Урук катуу корккондуктан көзүн да жуумп алды.

  • arrow
    arrow

    Бир канча убакыт өткөндөн кийин бир көзүн, андан соң экинчи көзүн ачууну чечти. Бирок айланадан эч нерсени көрө алган жок. “Эми кайда барам, үйүм кайда, кантип кайра табам?”– деп өз суроосуна  
    өзү жооп таба албай кыйналып турганда, таң калычтуу үн угулду. 
    Капкара жана узун болгон жагымсыз бир нерсе ага жакындап келаткандай туюлду.

    Көп өтпөй денесине ийнелер сайылган чоң крокодилге окшогон жандык экенин көрдү. Ал түрү сууктун капталына өз аты жазылган экен.

    Бирок, караңгыда эч нерсени окуй алган жок. “Кичинекей, — деди кычыраган үн менен, — мен сени аябай күткөм. Бул жерде сени жаңы жашоо күтүп турат, ошондуктан сага баалуу кеңешимди айтканга даярмын.

  • arrow
    arrow

    Бул жашоодо ар түрдүү күндөр болот. Кээде сени бирөө капысынан түртүп кетет, себеби бизде караңгы же болбосо анын маанайы жок болушу мүмкүн. Ошондуктан биздин Дүйнөнүн жашоочулары дайыма башканы капа кылчу сөздөрдү көп айтышат.  
    Эгерде сени бирөө капа кылса, эч качан унчукпай калба, эки-үч ирет кылып кайтаргын! Башкаларга да анын жаман экенин эскертип тургунуң”.

    Табышмактуу жандык кебин андан ары улантты. Коркуп турган Кичинекей Лотос: “Мүмкүн, ошондой эле кылганым оң? Антпесем бул коркунучтуу жерде кантип жашайм?”, – деп ойлоп жатты. Кокусунан Кичинекей Чоң Лотостун насаатын эстей калды, эгерде ал түрү суук жандыктын кеңешин укса, анда ал да коркунучтуу болуп калаарын ойлоп чочуп кетти.

  • arrow
    arrow

    А түрү суук акырын жакындап келатты.

    Эгерде Кичинекей Урук анын айткандарынын бирин гана кабыл алса, анда крокодил аны тиштеп, жеп алганга толук укугу бар болчу. Себеби бул дүйнөдө эч нерсе бекер эмес, жадакалса кеңеш да бекер эмес. Эгерде Кичинекей Урук түрү сууктун кебин укса, анда ал үйүнө кайта албайт болчу жана Сыйкырдуу- Көлдүн үстүндө укмуштуудай гүлгө айланмак эмес.

    Шаштысы кеткен Кичинекей: “Ар бир кырдаалды чечүүнүн жолу бар, чечүүчү жолу бар!” — деп кайталап жатты.

  • arrow
    arrow

    Капысынан ал Чоң Лотостун айткан

    zhen

    ЧЫНДЫК

    shan

    БООРУКЕРЛИК

    ren

    ЧЫДАМДУУЛУК

    деген Байлыктар коркунучка кабыл болгондо жардамга келээрин эстей калды.

    Ошентип, Кичинекей Урук жаман кеңештерге макул болбогондо ошол замат керемет пайда болду. Жылдыздай жанып, ааламды жапжарык кылып БООРУКЕРЛИК чыга келди.

    Учурдан пайдаланып, тиги түрү сууктун капталынан “Жамандык” деген жазууну окуй калды. 
     
    Ушул учурда укмуштуудай чоң күч Кичинекейди селкинчекке салып, өйдөгө чыгарып салды.

  • arrow
    arrow

    Жарык акырындап өчө баштаганда, Кичинекей Урук такыр башка дүйнөгө келгенин көрдү. Көрсө, Караңгылык Каптаган Дүйнө ылдыйда калып, Кочкул-Бозомук Дүйнөгө келиптир.

    Мурдагы жакка караганда бул жер жарыгыраак жана дем алууга ыңгайлуу экен.

    Кичинекей: “Ураа, менде эки гүл желекчеси пайда болду, ураа, мен чыныгы гүлгө окшоп баратам!”– деп ичинен сүйүндү.

    Бирок кубанууга али эрте эле…

  • arrow
    arrow

    Кочкул-Бозомуктан жылмаланган чаар бака чыга келди. Ал чоң чаар колдорун акырын жылдырып, нааразы боло: “Кош кел, биздин өлкөгө! Бизде эрежелер өтө жеңил. Ар ким өзү үчүн жооп берет. Эч кимге жардам бербейт. Өзүнүн гана кызыкчылыгын коргойт, башкалар жөнүндө ойлобойт. Жалган сүйлөсө да болот. Эгерде бир жаман иш кылып койсоң — башканы күнөөлөп кой. Таттууну бөлүшкөндө, өзүңө — бешти, тигиге — бирөөнү берип кой...” – деп айтты.

    Кичинекей тиги баканын айткандарын угуп оозу ачылып калды. Чоң Лотостун айткандарына такыр дал келбегендигин байкап, бул өлкөдө айтылган эрежелер менен жашай албастыгын түшүндү.

  • arrow
    arrow

    Бул жолу Кичинекейге Үч Байлык жөнүндөгү ой тезирээк келди. Cебеби ал Кочкул-Бозомук Дүйнөдө калып, анын эрежелери менен жашап, анын жашоочуларына окшош болгусу келген жок. Ошол Үч Байлыктын бири болгон ЧЫНДЫК заматта жарык чачып келе калды да, Кичинекейге коргоочу жабуу жаап, өйдө карай катуу түрттү. Ушул учурда гана ал баканын капталынан “Жалган” деген жазууну окуганга жетишти.

    Биздин саякатчыбыз бул жолу Күңүрт Дүйнөгө келип калды. Өйдө жакта Күн жаркырап тийип турганы менен анын нурларынын бул жакка жетүүсү кыйын эле. Кичинекейдин гүл желекчелери барган сайын көбөйө баштады. Ал аларды кубануу менен кыймылдатып жатты. Ар бир сыноо сайын ал күчтүү болуп өсө баштады.

    Бирок сыноо бүтө элек болчу...

  • arrow
    arrow

    Семиз жыланга окшош жийиркеничтүү курт алыстан көрүндү. Ал акырын жакындап, Кичинекейдин алсыз жерин тапкысы келгенсип, аны көңүл коё тегеренип карап чыкты. Бул курт Күңүрт Дүйнөнүн башка жашоочуларына караганда алсыз болгону менен аябай куу эле.

    Ал үнүн жоошута жана алдагансып: “Сенин бактың бар экен, Кичинекей Лотос, өзүңдү ушинтип атасаң да болот. Биздин дүйнө бир кыйла тынч, шамал да жок, караңгылык да коюу эмес. Ал эми эрежелер жагымдуу жана өтө жеңил.  
    Биринчиден, эч кандай жумуш кылгың келбесе, анда окуштун да, аракеттин да кереги жок, түркүн кыйынчылыктардан нары бурулуп кете бересин.

    Экинчиден, бизге достордун да кереги жок, себеби алардын начар маанайларына чыдашың керек, анан дагы кыйынчылык күндөрдө аларга жардам беришиң керек.

  • arrow
    arrow

    Үчүнчүдөн, эгерде сага бирөө жагымсыз бир нерсе айтса, токтоо, сабырдуу болбо. Ага да оозуңа келген жаман сөздөрдү ойлонбой айта бер”, – деп айтты.

    Кичинекей: “Албетте, эч бир жумуш жасабай, аракет кылбай, жыргап жашасаң жакшы да. Бирок, анда эч нерсени билбей, эч нерсени үйрөнбөй каласың да. Анан да, дайыма жалгыздыкта болуу — бул азап да! Жок-жок! А менде мындай кир дүйнөдөн чыгып кетүүгө бардык нерсем бар да”, – деп ойлоду.

    Кичинекей Лотос туура ойлонду, ошондуктан ага Байлыктын бири жардамга келди. САБЫРДУУЛУК жылдызы анын жүрөгүнөн орун алып, жаркыраган Нур Кичинекейди кучагына алып өйдө карай жөнөдү.

  • arrow
    arrow

    Улам көтөрүлгөн сайын “Жалкоо” аттуу курт кичирейип, алыстаган сайын көрүнбөй калды. Ал эми күндүн нуру улам жаркырап, суу аябай тунук боло баштады.

    Жарык акырындап өчтү, жаш Лотоско эми эч кандай кеңештин кереги жок болчу. Ал күчтүү болуп, анын сабагы эми тез өсө баштады. Мурдагы Караңгы Дүйнө алыста калды.

    Жарык, Тунук Дүйнөнү өтүү бир кыйла оңой жана жагымдуу болду, анткени Күн ысып, алтын нурларын чачып турган.

    Мына суу менен абанын ортосундагы аралык ушинтип өттү. Кечээ эле Кичинекей Урук болгон Жаш Лотос Сыйкырдуу-Көлдүн үстүнө калкып чыкты.

  • arrow
    arrow

    “Үйгө кайтып келишиң менен!” — бул Чоң Лотостун үнү болчу.  
    Чоң Лотос кубануу менен: “Мына эми сен күчтүү жана татынакай болуп чоңойдуң, эми башкаларды өзүңдүн күчүң менен колдоп аларга жардам бере аласың, биздин дүйнөнүн жашоочуларына өзүңдүн кереметтүү сулуулугуң менен кубаныч тартуулайсың!”, – деп айтты.

    Жаш Лотос өзүн кооз жалбырактуу керемет гүл болгонун суунун бетинен көрдү. Ал эми суунун бетине жаңы лотостор биринин-артынан бири чыга башташты.  
    Алардын ар бири өзүнө берилген сыноо жолунан өтүшүп, кайталангыс кооздук менен келишкен эле.

    Эгерде көңүл бурсак, алардын баары: “СЕН ДА ӨЗ ЖОЛУҢДУ ИЙГИЛИКТҮҮ БАСЫП ӨТ!” – деген үмүт менен сени карап турушат.

arrow
book